Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Зат атоочтун жөндөмө категориясы

Категория падежа имен существительных

Атооч жөндөмө

(Именительный падеж)

Суроосу:

Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер?

(Кто? Что?)

Жөндөмөнүн жандоочтор менен колдонулушу:

менен (с)

үчүн (для, из –за)

жөнүндө (о, об)

боюнча ( по, за)


 

Атооч жөндөмөнүн жандоочтору менен сүйлөмдөрдү эсиңерге туткула:

1. Катя Алмаз менен окуйт.

  2. Алмаз, сен үчүн сөздүк алдым.

  3.”Арпа менен буудай” жомогу жөнүндө айтып бер.

4. Көргөзмөгө 5-класс боюнча 10 окуучу барат.

5. Биз сабакта нан жөнүндө уламыш уктук.

6. Барпы Алыкуловдун суу жөнүндө ырын окудук.

7. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.

С дождем расцветает земля, с благословением расцветает народ
 

8. Чолпонбай Түлөбердиев эли, жери үчүн күрөшкөн.

9. Жер суу менен гүлдөп-өсөт.