Кыргызча   Русский


11. ТЕКСТТИ УККУЛА, АТ КОЙГУЛА


       Мектептин спорттук аянтында футбол ойноп жаткан, балдар топ теберде шымы айрылып калган Эшти шылдыңдап каткырып жатышканда эмне болду дебейсиңерби… Эшти шылдың болгон абалдан куткарууну ойлогон Шер өзүнүн шымын чечип берип, досуна кийгизмек болду. Бирок Эш балдардын шылдыңдаганынан канчалык уялып турса да, Шердин шымын кийбей койду. Балдар ансайын каткырып, эми Эш менен Шерди кошо шылдыңдай баштаганда, Шер өзүнүн шымынын аласын айрып, кийип алды. Шымы айрык экөөнүн түрүн көргөн балдардын баары кыраан каткырыкты салышты…

- Ха-ха-хха…Ха-ха-ха-аа…

       Эмнегедир алардын күлкүлөрү көпкө созулган жок. Бирин-бири куткарууну ойлогон тиги экөөнүн достугун сезбеген балдардын күлкүлөрү тып басылды. Баятан Шер менен Эшти шылдыңдаган балдар эми достук жөнүндө ойлонуп калышты.

                                       («Шоокум» журналы №10, 2011- ж. октябрь )



 

б) Сүрөттөрдөгү спорт оюндарын атагыла.

Силер кызыккан спорт оюндарын кластер боюнча көрсөткүлө