Кыргызча   Русский


6. ДИАЛОГ


а) Диалогду уккула, аңгемелеп бергиле

- Сен Спорт ордосунда болдуң беле?
- Ооба, көп жолу.
- Мен биринчи жолу баратам.
- Спорт ордосу Кожомкул балбандын ысымынан коюлган. Мына өзүнүн атын өзү көтөрүп турган Кожомкул балбандын айкели.
- Ай-ий, ушунча чоң атты кантип көтөрүп турат, бул чындыкпы?
- Албетте, чындык эмей Кожомкул 15 жашынан эле күрөшкө түшүп, 22 жашында салмагы 635 кг келген ташты көтөргөн экен.
- Ал кайда жашаган?
- Суусамырда “Арамза” айылында Кожомкулдун көтөргөн ташы дагы эле бар дешет.
- Анда эмнеге Кожомкул ташты эмес, атты көтөрүп турат?
- Ал өзүнүн атын өзү көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан экен.
- Сен булардын баарын кайдан билесиң?
- Таятам айткан, ал Суусамырдан.
- Мына, фантастика.
- Фантастика эмес, бул чындык Кожомкулдун ата-энеси да күчтүү адамдардан болушкан экен.Балбандын урматына «Кожомкул атындагы» азыр бизде байге уюштурулган.
- Байге кимдерге берилет?
- Эркин күрөштүн балбандарына
- Сен спорттун кайсы түрүнө катышасың?
- Бокска. А сенчи?

 



б) Диалогду толуктагыла.


- Ооба көп жолу
-Спорт ордосу Кожомкул балбандын ысымынан коюлган. Мына өзүнүн атын өзү көтөрүп турган Кожомкул балбандын айкели.
-Албетте, чындык эмей. Кожомкул 15 жашынан эле күрөшкөн экен. 22 жашында 635кг келген ташты көтөргөн дешет.
- Суусамырда “Арамза” айылында Кожомкулдун көтөргөн ташы дагы эле бар дешет.
- Ал өзүнүн атын өзү көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан экен.
- Сен булардын баарын кайдан билесиң?
- Фантастика эмес, бул чындык Кожомкулдун ата-энеси да күчтүү адамдардан болушкан экен.Балбандын урматына «Кожомкул атындагы» азыр бизде байге уюштурулган.
-
-Эркин күрөштүн балбандарына.
-Бокска. А сенчи?

Колдонулуучу сөздөр: -Анда эмнеге Кожомкул ташты эмес, атты көтөрүп турат? , -Сен Спорт ордосунда болдуң беле? , Байге кимдерге берилет? , - Мына, фантастика. , -Ай-ий, ушунча чоң атты кантип көтөрүп турат, бул чындыкпы? , -Ал кайда жашаган? , - Мен биринчи жолу баратам. , -Сен булардын баарын кайдан билесиң? , - Сен спорттун кайсы түрүнө катышасың?