3. ГРАММАТИКА
Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү
|
Илик жѳндѳмѳ |
Суроосу: |
12 варианттуу мүчөлөрү: |
Таандык мүчѳлөр: |
|
(Родительный падеж) |
Кимдин? Эмненин? (Кого? Чего? Чей?) |
-нын,-нин,-нун, -нүн; -дын,- дин,дун, -дүн; - тын,-тин,-тун, - түн; |
- ы, - и, - у,-ү -сы,-си,-су, -сү |
- бала+нын үй-бүлѳ+сү
- мугалим+дин журнал+ы
- мектеп+тин зал+ы
- окуучу+нун баа+сы
- жазуучу+нун чыгарма+сы
а) Таандык сѳз айкашын которгула, билип алгыла.
Алмаздын үй - бүлѳсү
зал школы
мугалимдин журналы
семья Алмаза
мектептин залы
произведение писателя
окуучунун баасы
журнал учителя
жазуучунун чыгармасы
оценка ученика

б) Тѳмѳнкү сѳздѳргѳ илик жѳндѳмѳсүнүн мүчѳсүн улагыла.
| Алмаздын үй - бүлѳсү | зал школы |
| мугалимдин журналы | семья Алмаза |
| мектептин залы | произведение писателя |
| окуучунун баасы | журнал учителя |
| жазуучунун чыгармасы | оценка ученика |


уй бээ ит
кой тѳѳ мышык
эчки эшек чочко
Колдонулуучу сөздөр: дун, нүн, нун, нин, дун , тын, тин , тин, нин


в) ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН БАЛДАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА
| уйдун музоосу | теленок коровы |
| койдун козусу | ягненок овцы |
| эчкинин улагы | козленок козы |
| бээнин кулуну | жеребенок кобылы |
| эшектин коделеги | осленок осла |
| иттин күчүгү | щенок собаки |
| мышыктын мыйы | котенок кошки |
| чочконун торопою | поросенок свиньи |
г) «Түгѳйүн тап» оюну
Үй жаныбарларынын түгѳйүн тапкыла.
уйдун бээнин иттин
койдун тѳѳнүн мышыктын
эчкинин , эшектин чочконун
Колдонулуучу сөздөр: кулуну , музоосу , торопою, коделеги, күчүгү , ботосу , козусу , мыйы , улагы


д) Ырды кѳркѳм окугула
Жылкы сүйѳт баласын
Кулунум деп,
Минсе, түшсѳ билбеген
Дулдулум деп.
Эчки сүйѳт баласын
Улагым деп,
Таштан - ташка секирген
Чунагым деп.
Уй да сүйѳт баласын
Торпогум деп,
Караңгыда баспаган
Коркогум деп.
Ит да сүйѳт баласын
Күчүгүм деп,
Жерден мурдун албаган
Бучугум деп.
Т. Самудинов
е) Тѳмѳнкү суроолорго туура келген жаныбарларды атагыла.
Эмне чѳп жейт?


Эмне эт жейт?


Эмне сүт берет?

