Кыргызча   Русский



а) "Оп, майда" ырын жаттагыла

Майда, майда, мапмайда,

Майдалансын, атты айда.

Кызыл толгон кырманды,

Сузалы биз кап кайда?

Бекер жүрсөң жан багып,

Таба албайсың эч пайда.

Майда, майда оп майда,

Орой-орой оп майда.

Ороо толсун оп майда.

Кырча-кырча басканың,

Кырман толсун оп майда.
 



б) Ырды обону менен толуктагыла

Майда, майда, мапмайда,



Кызыл толгон кырманды,



Бекер жүрсөң жан багып,



Майда, майда оп майда,



Ороо толсун оп майда.



Кырман толсун оп майда.

Колдонулуучу сөздөр: Таба албайсың эч пайда., Орой-орой оп майда., Сузалы биз кап кайда?, Кырча-кырча басканың,, Майдалансын, атты айда.




в) «Котормочу» оюну. Ким биринчи которот?

• благословение –

• благословение посева –

• благословение урожая –

• благословение при сборе урожая –

• пусть будет изобилие – .

• пусть будет достаток –

Колдонулуучу сөздөр: токчулук болсун, эгин оргондогу бата, кырманга буудай толсун, үрөн сепкендеги бата, эгин бышкандагы бата, бата