Кыргызча   Русский


1. МЕНИН ТУУЛУП – ӨСКӨН ЖЕРИМ


1. Угуп түшүнүү  

 

а) «Ала-Тоо балдары» ырын уккула, ырдап жүргүлө 

 

 

Ала-Тоонун ары жагында

Кыздар ойноп жатышат.

Шакектерин жоготушуп,

Бизден кѳрүп жатышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен кыздар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Балдар ойноп жатышат.

Калпактарын жоготушуп,

Бизден кѳрүп жатышат

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен балдар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Балдар ойноп жатышат.

Калпактарын таап берсек,

Бизге рахмат айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен кыздар ай!

 

Ала-Тоонун ары жагында,

Кыздар ойноп жатышат.

Шакектерин таап берсек,

Бизге рахмат айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен балдар ай!

 

 

 

б)Тил жатыктыруу

жазылышы

айтылышы

ары жагында

таап алышып

ырахмат

аржагында

таавалышып

рахмат



в) Ырды угуп, суроого туура жооп бергиле.


Балдар эмне кылып жатышат?


Кыздар эмнени жоготушту?




г) Ырды угуп, ыр саптарын толуктагыла

Ала-Тоонун

Балдар

Калпактарын таап берсек

Бизге

Ала-Тоонун

Кыздар

Шакектерин

Бизге

Колдонулуучу сөздөр: рахмат айтышат, рахмат айтышат , ары жагында , ары жагында , таап берсек, ойноп жатышат , ойноп жатышат




д) Ырды угуп, бош орундарды толуктагыла

Ала-Тоонун ,

ойноп жатышат.

Камчыларын ,

кѳрүп жатышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жаман экен !

ары жагында,

Балдар .

таап алышып,

Бизге айтышат.

Ай, ай, ай, ай,

Жакшы экен !

Колдонулуучу сөздөр: жоготушуп, Балдар , рахмат , Ала-Тоонун , Бизден , балдар ай , ары жагында , ойноп жатышат , Камчыларын , балдар ай