Кыргызча   Русский


6. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


        а) Сөздөрдү билип, үйрөнүп алгыла 

         

алма – яблоко

алмурут – груша

жүзүм – виноград

шабдалы – персик

кара өрүк – слива

чие – вишня

өрүк – абрикос

кымбат – дорого

кымбатыраак – дороже

өсүмдүк майы – растительное масло

баасын түшүрүңүз – уступите  

кумшекер – сахарный песок

калганы – сдачи

эсепте – посчитай

келип туруңуз – приходите еще

арзан – дешево

арзаныраак – дешевле

 

б) Жер-жемиштерди базардан сатып алганды үйрөнгүлө   

- Саламатсызбы, эже!

- Саламатчылык, кызым.

- Эже алмаңыз, алмурутуңуз канчадан?

- Алма – 50 сомдон, алмурут – 40 сомдон.

- Жүзүмүңүзчү?

- Жүзүмдү 120 сомдон берем.

- Жемиштериңиз эмнеге мынча кымбат?

- Балдар туура айтат. Күз берекеси болуп жатса, жемиштериңиз кымбат го...

- Күзүндө алманын баасы 40 сомдон кем болбойт.

- Алманын баасын түшүрбөйсүзбү?

- Канча сомго түшүрѳйүн?

- Арзаныраак берсеңиз 2 килограмм алма, 1 килограмм алмурут алам.

- Болуптур, анда сага аларды арзаныраак берейин.

- Рахмат, эже.

- Келип тургула.