Кыргызча   Русский


5. ТЕКСТ "КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК"


Кол өнөрчүлүк боюнча видео

 

Кол өнөрчүлүк

  Саймачылык – бул эне мурасы. Кыргыздар энелердин иштүүсүн – уз, аталардын чеберин – уста дешкен. Уз энелер шырдак, ала кийиз, туш кийиз жасап, сайма сайып, килем токуйт. Боз үйдүн жабдууларын, боолорун жасашат, түрлөп чий чырмашат, түймө түйүшѳт, курак курашат. Уздун куралы – ийне, темене, кайчы, оймок, тигүү машинасы, ийик, сабоо болгон. Ийненин чоңу темене деп аталат. Энелер жасаган оюуларга кыргыз жергеси түшүрүлгөн. Туш кийизге кооз талаа гүлдөру, жаныбарлардын элеси сайылган. Шырдактарга тоолор, суулар, тоо эчкилеринин мүйүздөрү оюу аркылуу түшүрүлгөн. Энелер бул чеберчиликтин баарын мурас кылып кыздарына үйрөтүп келишет.

(Мурас таануу. 4-класстар үчүн кошумча окуу куралы. Түз. Айтпаева Г.А, Эгембердиева А.А. – Б., 2008. –19-б.)


 

б) Текстте берилген жаңы сөздөрдү өздөштүрүп алгыла

КЫРГЫЗЧА

ОРУСЧА

эне мурас        

наследие  матери

уз     

искусница, рукодельница

чеберчилик 

мастерство

ала кийиз       

пестрый войлок (кошма)

туш кийиз  

настенное панно

түймө түйүшөт    

вяжут

боз үй жабдуулары      

убранство юрты

тоо эчкилердин мүйүздөрү

рога горных козлов

чий чырмашат     

плетут циновку

жаныбарлардын элеси    

образ животных

курак курайт       

шьют из лоскутов

оюу      

орнамент



в) УЗ ЭНЕЛЕРДИН КУРАЛЫН БИЛИП АЛГЫЛА


ИЙНЕ

ИГОЛКА

ТЕМЕНЕ

БОЛЬШАЯ ИГОЛКА

КАЙЧЫ

НОЖНИЦЫ
 

ОЙМОК

НАПЕРСТНИК

 

САБОО

ВЫБИВАЛКА

ИЙИК

ВЕРЕТЕНО



г) Текстти туура которуп, кыргызча окугула

   Кыргыздар энелердин иштүүсүн – (рукодельница), аталардын чеберин – (мастер) дешет.

    Уз энелер , (кошму, настенное панно) жасайт. , (Вышивают, ткут ковры), боз үйдүн (убранство) жасайт. Түрлөп (вяжут, шьют из лоскутов). Туш кийизге (вышивали образы животных). Шырдактарга , (узоры, рога горных козлов) түшүрүшкөн. Энелер бул (мастерство) баарын (в наследство) кыздарына үйрөтүп кеткен.

Колдонулуучу сөздөр: туш кийиз, ала кийиз, чебер, мурас кылып, тоо эчкилердин мүйүздөрүн, жаныбарлардын элеси сайылган, курак курайт, түймө түйөт, чеберчиликтин, уз, жабууларын, сайма саят, оюуларды, килем токуйт




д) Сүрөттөр боюнча энелердин мурасы жөнүндө аңгемелеп бергиле


Вышивают туш кийиз Делают ала кийиз Вышивают полотенце