Кыргызча   Русский


3. УЛАМЫШ


Комуз кантип пайда болгон?

   Илгери-илгери бир доордо Камбаркан деген мергенчи жашаган экен. Камбаркан бүт айылды мергенчилик менен багып туруптур.

   Күндѳрдүн биринде ал аңчылыктан келе жатып, токойдон чыккан мукам үндү угат. «Бул эмне болуп кетти?» - деп үн чыккан жерге барат. Ал жерге барса, эки дарактын башына илинип калган жаныбардын ичегисинен мукам үн чыгып жатыптыр. Ушул окуядан кийин Камбаркан музыкалык аспап жасап, ага койдун ичегисин кургатып, кыл тагып, күү черткен экен. Ошол чертилген күү «Камбаркан» деп аталыптыр. «Күүнүн башы – Камбаркан» деген сѳз мына ошондон калган экен.

 

 

и) Сѳздѳрдү эсиңерге тутуп алгыла

доор век, эпоха  
мергенчи охотник  
мукам үн нежный, приятный звук  
жаныбардын ичегисинен из кишки животного  
кургатуу сушить, высушивать  
күүнүн башы здесь: появление, происхождение  
багып туруптур здесь: содержал  
аңчылыктан с охоты  
кыл струна  


й) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Камбаркан ким болгон?


2. Камбаркан бүт айылды кантип багып туруптур?


3. Ал кайда барат?


4. Токойдон эмне угуат?


5. Камбаркан эмне кѳрѳт?


6. Ушул окуядан кийин ал эмне кылган экен? (Уламышта кайсы сүйлөм)?


7. Ошол чертилген күү эмне деп аталыптыр?