Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, билип алгыла

Оодарыш

           Оодарыш ат оюндарынын бир түрү. Оодарышка балбан, шамдагай жигиттер түшөт. Азыркы учурда «Оодарыш» оюну жекече да, командалар аралык да жүргүзүлөт. Оодарышка жашы 19дан өткөн жигиттер катыша алышат.

         Кармашуунун мөөнөтү 10 мүнөт. Эки жаат тараптан бирден киши атчан чыгышат, бирин-бири аттан оодара тартып түшүрөт. Оюнга катышкан жигит бышык өтүк, таар же булгаары шым кийип, белине кездеме кур байланат.

         Оодарышчылар белден жогору кийим кийбейт. Алар бири-бирин же атын чабууга, тээп жиберүүгө, манжаларын кайрууга укугу жок. Булардын кармашын атчан калыс тейлейт.

         Азыр оодарыш оюну боюнча 1-2-3-спорттук разряддар берилет.

 

б) Сөздөрдү жана сөз айкаштарын өздөштүргүлө

КЫРГЫЗЧА ОРУСЧА АУДИО
оодарыш

единоборство всадников (спортивное состязание): двое мужчин садятся на коней и стараются стащить друг друга с коня (выбить из седла)

балбан силач
шамдагай ловкий
кармашуу схватка
эки жаат тараптан с двух сторон
аттан оодара тартуу   стащить друг друга с коня
бышык өтүк    прочные сапоги
булгаары шым   кожаные штаны
кездеме кур матерчатый ремень
оодарышчылар единоборцы
бирин-бири тебүүгө пинать друг друга  
манжаларын кайрууга выворачивать пальцы
укугу жок   не имеет право

              



в) Сөздөрдү кыргыз тилине которгула




г) Текст боюнча суроого жооп бергиле


1. Оодарыш кандай оюн?


2. Оодарышка кандай жигиттер түшөт?


3. Оодарышка канча жаштагы жигиттер катыша алат?


4. Эки атчан бири-бирин кантип жеңет?