Кыргызча   Русский


10. УЛУУ КОМУЗЧУ КАРАМОЛДО ОРОЗОВ


«Сынган кылыч», «Кѳкѳй кести», «Ибарат», «Насыйкат», «Кара ѳзгѳй», «Чоң кербез», «Терме», «Камбаркан», «Жаш кербез», «Сыздат», «Ботой», «Шыңгырама» жана башкалар.

 

 

з) «Кѳкѳй кести» күүсүнүн сыры жѳнүндѳ окуп, аңгемелеп бергиле

 

    Ѳз заманында кѳл айланасынан Капал аттуу комузчу чыгыптыр. Ал күү менен күн кѳргѳн бечера экен.Өзү теңдүү кедейдин сулуу кызы экѳѳ бирин-бири сүйүшүп, баш кошмок болот. 
     Кыздын ата-энеси, тилекке каршы,куда түшкѳн байга бермек болот. Капал менен кыздын сүйүүсүн байкаганбай айласы кетип, жалган жалаа менен комузчуну сүргүнгѳ айдатат. 
      Камакта жүрүп «кызай» деген казак уруусуна качып  барат. Капал эли-жерин эңсеп, кѳкѳйүм кесилди деп, кѳргѳн кордук, тарткан азаптарын комузга кошот. 
      Күү 5 жерден кайрылат: эң акыркы кайрууда «карындашым ушинтип ботодой боздоп калды го» деп шолоктосо, биринде армандуу ашыктыгын баяндайт, үчүнчү кайрылуу ѳзүнүкү, тѳртүнчү кайрылууда энеси менен атасынын кайгы муңун камтып, эрксиз доордун каардуу кѳрүнүшүн кабарлайт.

 

 

 

и) «Кѳкѳй кести» күүсүн уктуруу



й) Тексттин мазмуну боюнча суроолого жооп бергиле.


1. Капал ким болгон?


2. Ал кимге баш кошмок болот?


3. Кызга ким куда түшѳт?


4. Комузчу Капалды бай кайда айдайт?


5. Капал камакта жүргѳндѳ кѳргѳн кордук, тарткан азаптарын эмнеге кошот?


6. Күү канча кайруудан турат?


7. Тѳртүнчү кайруу эмне жѳнүндѳ кабарлайт?


8. Кайсы кайрууда «карындашым ботодой боздоп калды» деп шолоктойт?