Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮҮНҮ


а) Текстти окуп, ангемелеп бергиле

                   Биз Ала-Тоолук балдарбыз

      Биз Кыргызстанда жашайбыз. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Кыргыз тоолору «Ала-Тоо» деп аталат. Кыргызстанда кооз жерлер, бийик тоолор, көлдөр, өрөөндөр көп. Кыргызстанда 7 облус бар.

  Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон. Өлкөбүздө ар түрдүү улуттар ынтымактуу жашашат. Алар: казактар, өзбектер, уйгурлар, орустар, татарлар ж.б.

  Кыргыз жеринин абасы жана суусу таза. Кыргызстан – таза суунун мекени! Жер астынан кѳмүр, темир, алтын, сурьма, уран, сымап  жана башка кен  байлыктар казылып алынат.

   Менин туулуп-өскөн жерим – Бишкек шаары. Бишкек – Кыргызстандын борбору.

 


б) Жаңы сөздөрдү үйрөнүп, билип алгыла

тоолуу өлкө горная страна
кооз жерлер красивые места
бийик тоолор высокие горы
көлдөр

   озера     

өрөөндөр долины
жети облус семь областей
эгемендүү

суверенный

ынтымактуу  дружный
улуттар

 нации

абасы таза чистый воздух
суусу таза   чистая вода
жер астынан  из недр земли
кен байлыктар полезные ископаемые
алтын золото     
көмүр уголь
темир железо
сымап ртуть

туулуп-өскөн

жерим

земля, где я

родился (-ась)

 



в) Сөздөрдү туура которгула, эсиңерге туткула.




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


Кыргызстан кандай ѳлкѳ?


Кыргызстанда канча облус бар?


Кайсы сүйлөм тексте кездешет?




д) Туура же, катасын тапкыла

КатаТуураБиз Ала-Тоолук балдарбыз
КатаТуураБиз Ала-Тоодо жашайбыз.
КатаТуураКыргызстан тоолуу ѳлкѳ.
КатаТуураКыргызстанда кѳлдѳр, ѳрѳѳндѳр аз.
КатаТуураКыргызстанда 6 облус бар.
КатаТуураАнда 80ден ашуун эл жашайт.
КатаТуураКыргызстан – таза суунун мекени.
КатаТуураМенин туулуп-ѳскѳн жерим – Каракол.