Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮҮНҮ


а) Сөздөрдү билип, үйрөнүп алгыла.          

элдик байлык – народное богатство

баасы эч нерсе менен өлчөгүс – здесь: ценность ни с чем не сравнимый

аба – воздух

суу – вода

жер – земля

күн – солнце

нан – хлеб

түйшүктүү эмгек – неустанный труд

күлазык – сушенная еда

береке болбойт – не будет изобилие

буудай, арпа - пшеница , ячмень

таруу, жүгѳрү- пшено,кукуруза



б) Текстти окуп, которгула

                                        Элдик байлык

     Биздин жашообузда баасы эч нерсе менен өлчөгүс байлыктар бар. Аларга аба, суу, жер, күн жана нан кирет. Нан адамдын түйшүктүү эмгегинен жаралат. Ал жашоонун күлазыгы. Дасторкондо нансыз береке болбойт. Нан – элдин ырыскысы, байлыгы. Нандын курамында белоктор, углеводдор, калий жана темир, туздар арбын. Аш болумдуу заттарга бай. Ошондуктан элде мындай сөз бар: “Нан болсо, ыр да болот”, “Нан – тойгузат, суу – кандырат”. Кымбаттуу балдар! Нанды урматтай билгиле! 

Боогачы Өмүралиев

 

 

ЫРДЫ ЖАТТАП АЛГЫЛА

 Нан

Сары талаанын түзүндө,

Буудай бышат күзүндө.

Жер ширеси – данында

Күн иреңи – жүзүндө.

Ал буудайга эгедер,

Баба дыйкан дегендер

Ардакташат аларды

Ак нанынан жегендер.

Бул дүйнөдө жер улук,

Жерди иштеткен эл улук.

Элин баккан нан менен –

Баба дыйкан Эр улук.                 

                                    Кудайберген Жуманазаров

(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга, түз.: С.Рысбаев, 1-китеп, 2008-ж, 237-б.



в) Сүйлөмдөрдөн атооч жөндөмөдө турган сөздөрдү аныктагыла


1. Биздин жашообузда көп байлыктар бар.


2. Аларга нан кирет.


3. Нан адамдын түйшүктүү эмгегинен жаралат.


4. Нандын курамында пайдалуу минералдар көп.


5. Кымбаттуу балдар, нанды урматтай билгиле.




г) БИЛИП АЛГЫЛА


           

  Тамактануу адеби

Убагында тамак ич,

Ачка жүргөн жарабайт.

Өзүнө кам көрбөгөндү,

Өзгөлөр да карабайт.

Тамагыңды шашпай же,

Коногуңан катпай же.

Коюнуңа куюлтпай,

Кийимиңе чачпай же.                  

                 Гүлмира Рысбаева

(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга, түз.: С.Рысбаев, 1-китеп, 2008-ж, 247-б.

 

 

д) Макалдын маанисин түшүнүп алгыла

Нандан улук тамак жок.

Нет пищи дороже хлеба.

Адамдан улук атак жок.

Нет звания выше человека.



Макалды толуктагыла