Кыргызча   Русский


3. ДИАЛОГ


Диалогду уккула да, сүйлөшкүлө

- Сен Кыргызстанда болдуң беле?
- Ооба, болгом.
- Кыргызстан сага жактыбы?
- Абдан жакты.
- Кыргызстанда эмнелер кѳп экен?
- Кооз жерлер, бийик тоолор, кѳлдѳр.
- Анда канча облус бар?
- 7 облус бар.
- Жашаган эличи?
-  Эли 5 миллондон ашуун.
- Эмне үчүн Кыргызстанды таза суунун мекени дешет?
- Анткени, таза суулар тоо мѳңгүлѳрүнѳн кыштыр-жайдыр агып турат.