Кыргызча   Русский



а) Текстти окуп, бири-бириңерге айтып бергиле

Кожомкул балбан

       Кыргыздын атактуу балбаны Кожомкул Каба уулу болгон.

      Ал Суусамыр өрөөнүндө жашаган. Кожомкул балбандын атасы Каба күрөштөн эч кимден жеңилген эмес. Кожомкулдун энеси Алмадай да өтө күчтүү аял болгон экен. Жаш кезинде жолборсту балта менен чаап өлтүргөн дешет.      

     Кожомкул да жаш кезинен эле балбан болгон экен. Ал 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы балбанды жыккан. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн “Арамза” айылында салмагы 635 кг ташты көтөрүп, жерге күч менен киргизген. Эл аны «Кожомкулдун ташы» деп айтышат.

    Чүйдөн Суусамырга баратканда минген аты баспай калып, аны өзү көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. 1962-жылдан бери «Эркин күрөш» боюнча Кожомкул атындагы байге бар. Жыл сайын эркин күрөштүн жеңүүчүлөрүнө бул байге ыйгарылып турат.

         

б) Түшүндүрмө сөздүк: 

1) Балбан – күрөшкө, оодарышка түшүп, күч сынашкан күчтүү адам;

2) Өрөөн – тоонун ортосундагы чоң, узун тилке мейкиндик;

3) Ашуу – тоодон адам ашып өтүүгө мүмкүн болгон ыңгайлуу жер;

    Мисалы: Төө-Ашуу ашуусу.

4) Күрөш – улуттук күч оюну.  Мисалы: Балбандар күрөштөн жеңилген эмес;

5) Кожомкулдун ташы – Кожомкул көтөргөн таш;

6) Эркин күрөш – улуттук спорт оюну.


 

в) Сөздөрдү өздөштүргүлө

өрөөн  

долина

күрөш борьба
жолборс тигр
балта топор
жыккан здесь: поборол
салмак    вес
таш  камень
аты здесь: его конь
ашкан пересек
байге    приз
жеңүүчүлөр победители

 

г) Сөз айкаштарын өздөштүрүп алгыла

атактуу балбан    известный силач
Суусамыр өрөөнүндө      в Суусамырской долине
күрөштөн жеңилген эмес был не победим в борьбе
күчтүү аял сильная женщина
балта менен чаап өлтүргөн убила топором
күрөшкө түшүп   вышел на схватку
ташты көтөрүп           подняв камень
күч менен киргизген   всадил в землю силой
«Кожомкулдун ташы» «камень Кожомкула»
баспай калып не смог идти
өзү көтөрүп  подняв сам
Төө-Ашуудан ашкан пересек Төө-Ашуу
Кожомкул атындагы байге приз имени Кожомкула
ыйгарылып турат     присваиваются

 



д) Сөз айкаштарынын туура котормосун таап, эсиңерге туткула .




е) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Кыргыздын атактуу балбаны ким болгон?


2. Кожомкулдун энеси кандай аял болгон?


3. Ал жаш кезинде эмнени өлтүргөн?


4. Кожомкул канча жаштагы балбанды жыккан?


5. Ал канча жашында, салмагы канча килограмм ташты көтөргөн?


6. Кожомкул өз атын көтөрүп, кайсы ашуудан ашкан?


7. Кожомкул атындагы байге канчанчы жылдан бери ыйгарылып келе жатат?




и) Сөздөрдү маанисине жараша бириктиргиле.

1. Кожомкул .

2. Суусамыр жашаган.

3. жеңилген эмес.

4. Энеси да болгон.

Колдонулуучу сөздөр: Атасы күрөштөн , өрөөнүндө , күчтүү аял, кыргыздын балбаны




з) Сүйлөмдөрдүн текстте "бар" (туура) жана "жок" (ката) экенин белгилегиле

КатаТуураКожомкулдун жашаган жери.
КатаТуураКожомкул балбандын тууган-уруктары жөнүндө.
КатаТуураКожомкулдун атасы менен апасы жөнүндө маалымат.
КатаТуураКожомкул балбандын аты жөнүндө.
КатаТуураАнын бою жана бут кийиминин өлчөмү жөнүндө маалымат.



ж) Төмөнкү сүйлөмдөрдүн иретин текстке жараша тапкыла

Колдонулуучу сөздөр: Кыргыздын атактуу балбаны Кожомкул Каба уулу болгон. , Ал Суусамыр өрөөнүндө жашаган. , Кожомкулдун энеси Алмадай да өтө күчтүү аял болгон экен. , Ал он беш жашында күрөшкө түшүп, кырк беш жаштагы балбанды жыккан. , Кожомкул балбандын атасы Каба күрөштөн жеңилген эмес. , Жаш кезинде жолборсту балта менен чаап өлтүргөн дешет.




к) Сүйлөмдөрдү мааниси жагынан туура түзгүлө