2. ТЕКСТ "ЖАРАТЫЛЫШ"
а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле
Жаратылыш – баарыбыздын үйүбүз. Жаратылыш ар бир өсүмдүктүн, ар бир жаныбардын, ошондой эле адамдын да үйү.
Ошондуктан курчап турган дүйнөнү: абаны, сууну, топуракты булгабай таза сактайлы. Чөптөрдү тебелеп, бак-дарактарды сындырбайлы. Алар айланага көрк берет, абаны тазалайт.
Айбанаттарды өлтүрбөйлү. Ата-бабаларыбыздын жер-сууну ыйык туткан салтын сактайлы.
Ата-энелер «жан-жаныбарларга тийсе, убал болот» дешкен. «Канаттуулардын балапанын кармап алсаң, аны менен шилекей алмашып, дос болуп, учуруп жибер» деп акыл-насаат айтышкан.
Мамбетова З.Ж. Мекен таануу 4-класс үчүн окуу китеби. -Б.,2004
б) Сөз айкаштарын эки тилде өздөштүргүлө.
жаратылышты сактайлы | cбережем природу |
|
баарыбыздын үйүбүз | наш общий дом |
|
адамдын үйү | дом человека |
|
курчап турган дүйнө | окружающий мир |
|
булгабай таза сактайлы | сбережем, не загрязняя | |
чөптөрдү тебелеп | растоптав траву | |
бак-дарактарды сындырбайлы | не будем ломать деревья | |
көрк берет | придают красоту | |
абаны тазалайт | очистят воздух | |
айбанаттарды өлтүрбөйлү |
не будем убивать животных
|
|
ыйык туткан |
свято держали | |
салтын унутпайлы | не будем забывать традиции | |
канаттуулардын балапаны | птенцы пернатых | |
«убал болот» дешкен | говорили «будет грешно» | |
шилекей алмашып | здесь: подружиться | |
учуруп жибер | отпусти | |
акыл-насаат | наставление |
в) Сѳз айкаштарын эки тилде маанисин түшүнүп билип алгыла.
жаратылышты
баарыбыздын
адамдын
курчап турган
булгабай
чѳптѳрдү
бак-дарактарды
кѳрк
абаны
айбанаттарды
ыйык
салтын
канаттуулардын
«убал болот»
шилекей
учуруп
Колдонулуучу сөздөр: дүйнѳ , дешкен , балапаны , сактайлы , алмашып , ѳлтүрбѳйлү , берет , үйүбүз , тазалайт , унутпайлы , туткан , жибер , таза сактайлы , тебелеп , үйү , сындырбайлы
г) Диалогду эки тилде окугула
- Сен капчыгайда болдуң беле? | |
- Капчыгай деген эмне? |
|
- Капчыгайды билбейсиңби? Капчыгай «ущелье» деп которулат. Каникулда «Семенов» капчыгайына барабыз. |
|
- Ал кайда? |
|
- Ысык-Кѳлдѳ. Капчыгайды аралаганда башың айланат. |
|
- Эмнеден? |
|
- Капчыгайдын аңкыган таза абасынан. Күмүштѳй күлүңдѳгѳн шаркыратманын суусунан. |
|
- Чын эле керемет дечи! |
|
- Жаратылыш кереметин сактоо жѳнүндѳ бир акын минтип жазыптыр:
«Сактагын сүйүп жерди, сүйүп сууну, Ал эмес кѳзгѳ илинбес жандыктарын. Өлтүрүп жан дүйнѳнүн жырткычтыгын, Коргогун жаратылыш жырткычтарын.» |
|
- Таамай айтылыптыр, автору ким болду экен? |
|
- Жакшылап ойлонсоң, табасың. Таба албасаң «Сонундар талаасы» оюнун ойноп жиберели. Акындын аты-жѳнү «Е» тамга менен башталып, «О» тамга менен аяктайт… |
|
- Ты была на Капчыгае?
- А что такое «Капчыгай?»
- Не знаешь, что такое «Капчыгай»? Это в переводе означает «ущелье». На каникулах мы ездили на Семеновское ущелье.
- А где это?
- На Иссык-Куле. Когда бродишь по ущелью у всех кружится голова.
- А от чего?
- От чистого воздуха в ущелье. От серебристой воды водопада.
- О бережном отношении к природе один поэт написал так:
«Берегите, любя землю, любя воду,
Даже насекомых, которых не видно.
Уничтожив зверя в себе,
Защити зверей природных»
- Точно сказано, интересно кто же автор?
- Если хорошо подумаешь, угадаешь. А если не угадаешь, то поиграем в игру «Поле чудес». Фамилия автора начинается с буквы «Е», заканчивается буквой « О»…
д) Жаратылыш жѳнүндѳ ыр саптарын толуктагыла, эсиңерге туткула.
1.
« Сактагын , сүйүп сууну,
Ал эмес кѳзгѳ илинбес
Өлтүрүп жан дүйнѳнүн ,
Коргогун жаратылыш »
Колдонулуучу сөздөр: жандыктарын , сүйүп жерди , жырткычтыгын, жырткычтарын
2.
«Берегите , любя воду,
, которых не видно
Уничтожив в себе,
Защити зверей »
Колдонулуучу сөздөр: зверя, даже насекомых, природных, любя землю