Кыргызча   Русский


5. ЫРДЫ ЖАТТАП АЛГЫЛА


Чоң атам 

Аппак чапан жамынып,

Аппак куудай сакалы,

Айылыбыз бүт чакырып,

Ардактайт чоң атамды.

Ак сөзүнөн кайтпаган,

Аксакал деп турушат,

Ак-караны тааныткан,

Акыл сөзүн угушат.

Каныбек Жунушев

 

  

 

Кесиби кайсы?

Майрам байкем сүрөтчү,

Аңдып турат тартсам деп.

Ар бир келген мүнөттү,

 

“Баба дыйкан” – Бактыбек,

Олтурса да, турса да

Ала жүрөт күрөктү.

 

Врач эжем Замира,

Ооруганды сакайтат,

Тыңшап көрүп жүрөктү.

Асан Жакшылыков

(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга, 1-китеп, Бишкек, 2008, 44-бет)

 

Акылман энеке

Ай, акылман энеке!  
Колуңда бар береке. 
Кечиктирбе тамактан, 
Кечикпейин сабактан. 


Балдар мага күлбөсүн, 
Шылдың кылып жүрбөсүн! 
Барайын, эне, барайын. 
Мыкты билим алайын! 

Аалы Токомбаев

 

 

Макалдарды эсиңерге туткула!

Ата – аска тоо, эне – боорундагы булак

Отец – высокая гора, мать – звенящий родник

 

Ырыс – алды ынтымак

Залог счастья – в дружбе