Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти угуп, үй-бүлөңөр жөнүндө аңгемелеп бергиле

Менин үй-бүлөм

       Менин атым - Айша. Мен окуучумун. Менин үй-бүлөм чоң. Бул менин атам. Атамдын аты – Султан. Ал 55 жашта, басмаканада иштейт. Кесиби – сүрөтчү-дизайнер. Атам – кайраттуу. Бул апам. Апамдын аты – Сайра. Ал мектепте мугалим болуп иштейт. Ал 46 жашта. Анын чачы – кара, мүнөзү – токтоо.

     Чоң атам менен чоң энем биз менен бирге жашашат. Ал эми таятам менен таенем айылда. Биз аларга дем алыш күндөрү барып, жардам берип турабыз. Менин агам, эжем жана иним бар. Агам менчик фирмада жактоочу болуп иштейт. Ал 27 жашта. Инимдин аты – Улан. Ал быйыл биринчи класска барат. Эжемдин аты – Айчолпон. Ал 20 жашта, котормочу болуп иштейт. Айчолпон орусча, англисче, түркчө жакшы сүйлөйт. Биз ынтымактуу жашайбыз.


б) Текст боюнча суроого жооп бергиле



1. Атаң кайда иштейт?

КатаТуураАтам фирмада иштейт
КатаТуураАтам мектепте иштейт
КатаТуураАтам сүрөтчү болуп иштейт



2. Таятаң кайда жашайт?

КатаТуура Таятам шаарда жашайт
КатаТуураТаятам айылда жашайт
КатаТуураТаятам жайлоодо жашайт



3. Агаң ким болуп иштейт?

КатаТуураАгам мугалим болуп иштейт
КатаТуураАгам жактоочу болуп иштейт
КатаТуураАгам менеджер болуп иштейт



4. Айчолпон кайсы тилдерде сүйлөйт?

КатаТуураОрус, кытай, немис тилдеринде сүйлөйт
КатаТуураОрус, англис, түрк тилдеринде сүйлөйт
КатаТуураОрус, кыргыз, англис тилдеринде сүйлөйт



в) Сүйлөмдү толуктагыла.

Бул менин . Анын аты .
Ал жашта. Ал .
Бул . Анын аты . Ал жашта.
Анын чачы . Анын мүнөзү .
Ал мектепте .
Бул . Анын аты . Ал жашта.
Ал.

Колдонулуучу сөздөр: 20, Айчолпон, эжем, котормочу болуп иштейт, 46, апам, Султан, токтоо, мугалим болуп иштейт, Сайра, сүрөтчү болуп иштейт, кара, 55, aтам