Кыргызча   Русский


6. УЛАМЫШТЫ ОКУГУЛА


а) Уламышты окуп, ата-энеңерге айтып бергиле.

Күндү тиктеп ачылып,

Бажырайып күлгѳнү ай.

Башка гүлгѳ окшобойт,

Биздин тоонун гүлдѳрү ай!

                           Гүлжамила Шакирова.

     

«Айгүл» гүлү уламышы

   Илери-илгери Баткен жергесинде Үрбү-Хан аттуу хан жашаптыр. Анын жалгыз кызы Айгүл сулуу болгон экен. Хандын эр жүрѳк жигити Козулан баатыр болгон. Эки жаш бири-бирине махабатын арнашкан экен.

    Күндѳрдүн биринде жер талашып, душмандар басып келет. Кол курап, душмандарга каршы Козулан аттанат. Айгүл Козуланды Айгүл-Таш тоосунан узатат. Душмандар менен айыгышкан күрѳштѳ Козулан эли-жерин коргоп, жеңишке жетет.

   Бирок катуу жарадар болот. Козулан жигиттерине: «Кокус кѳз жумсам, жүрѳгүмдү сандыкчага салып, ѳз Ала-Тоомо жеткиргиле» деген керээзин айтат. Козулан жараатынан көз жумат. Хандын кырк жигити анын керээзин аткарышып, Айгүл кызга «сандыкчаны» беришет. Айгүл сулуу Козуландын жүрѳгүн кѳкүрѳгүнѳ кысып, тоонун бийик жеринен ѳзүнүн боюн таштайт. Ошондон кийин ушул тоого «Айгүл» гүлү ѳсүп чыккан экен.



б) Уламыш боюнча сүйлѳмдѳрдү толуктагыла.