Кыргызча   Русский


2. ТЕКСТИ ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Түшүм майрамы - «Чечкор»

      Кыргыз эли күзүндѳ түшүм майрамын ѳткѳрүшкѳн. Аны«чечкор» деп аташкан. «Чеч» деп айрыны «кор» деп кырманда үйүлгѳн кызылды (буудайды) айтышкан.

      Түшүмдүн ээсин Баба дыйкан дешкен. Ийгиликтин ээсин Кыдыр ата дешкен.Аларга «чечкор» майрамында ѳткѳрүлгѳн ырым-жырымдарды арнашкан. Ал түнү кырманга ит келсе, кубалашчу эмес. Жылан сойлоп келсе, сүт чачып кетиришкен.Алар келсе, токчулук, молчулуккошо келет дешкен.Аларды ошондой кейипте келген Кыдыр ата, Баба дыйкан деп түшүнүшкѳн. Кырмандын жанынан ѳткѳндѳр «Чечке береке» деп саламдашкан. Кызылды түнѳтүп, эртеси үйлѳрүнѳ алып кетишкен.



б) Текст боюнча берилген суроолорго жооп бергиле


1. Кыргыз эли күзүндѳ эмнени ѳткѳрүшкѳн ?


2. Түшүм майрамын эмне деп аташкан?


3. Түшүмдүн ээси ким болгон?


4. Ийгиликтин ээси ким болгон?


5. Аларга эмнени арнашкан?


6. Кырмандын жанынан ѳткѳндѳр эмне деп саламдашкан?




в) Сүйлѳмдѳрдү толуктагыла

Кыргыз эли күзүндѳ ѳткѳрүшкѳн. Аны деп аташкан. деп айрыны деп кырманда үйүлгѳн кызылды (буудайды) айтышкан.

Түшүмдүн ээсин дешкен. Ийгиликтин ээсин дешкен. Аларга «чечкор» майрамында ѳткѳрүлгѳн арнашкан. Ал түнү кырманга кубалашчу эмес. келсе, сүт чачып кетиришкен.

Колдонулуучу сөздөр: Кыдыр ата, ит келсе, түшүм майрамын, Баба дыйкан, Жылан сойлоп келсе, чечкор, кор, ырым-жырымдарды, Чеч