Кыргызча   Русский


4. " КЫРГЫЗ ЖЕРИ " ЫРЫН УКТУРУУ


а) «Кыргыз жери» ырын обону менен ырдап жүргүлѳ

Сѳзү: Түмѳнбай Байзаковдуку

Обону: Апаз Жайнаковдуку

 

 

б) Ырдын экинчи куплетин кѳркѳм окугула. Маанисин түшүнүп, эсиңерге сактагыла.

Ысык-Кѳл– жердин кѳзү, кырлар кашы,

Адырлар – кѳкүрѳгү, токой – чачы.

Дайралар – кан тамыры, чоку – таажы,

Седеби, топчулары – ар бир ташы.

Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,

Кең жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

 



в) Ыр саптарын толуктагыла. Маанисин түшүнүп, эсиңерге сактагыла.

Ысык-Кѳл– жердин кѳзү, ,

Адырлар – кѳкүрѳгү, .

Дайралар – кан тамыры, ,

Седеби, топчулары –.

Колдонулуучу сөздөр: чоку – таажы, ар бир ташы, токой – чачы, кырлар кашы




Ыр саптарын толуктагыла.

Ысык-Кѳл– , кырлар кашы,

Адырлар – , токой – чачы.

Дайралар – , чоку – таажы,

Седеби, – ар бир ташы.

Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,

Кең жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Колдонулуучу сөздөр: топчулары, кѳкүрѳгү, кан тамыры, жердин кѳзү