2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ
а) Текстти уккула, сөздүктү пайдаланып, мазмунун айтып бергиле
Зергер – кол өнөрчүлүктө темир менен иштеген уста. Ал - ат жабдыктарды, кооз буюмдарды жасаган өнөрпоз адам. Зергерлер баалуу темирлерден: күмүштөн, алтындан, жезден билерик, оймок, шакек, сөйкө, тумар, топчу, төөнөгүч жана башкаларды жасашкан. Ошондой эле ат жабдыктарды, боз үйдүн жыгачтарын, музыкалык аспаптарды да кооздошкон.
б) Сөздөрдү өздөштүрүп алгыла
| темир | железо |
|
| ат жабдыктар | конское убранство |
|
| баалуу буюмдар | ценные ювелирные изделия |
|
| өнөрпоз | талантливый человек |
|
| күмүш | серебро |
|
| алтын | золото |
|
| жез | медь |
|
| билерик | браслет |
|
| оймок | наперстник |
|
| шакек | кольцо |
|
| сөйкө | сережки |
|
| тумар | талисман |
|
| топчу | пуговицы |
|
| төөнөгүч | булавки |
|
| музыкалык аспап | музыкальные инструменты |
|
| кооздошкон | украшали |
|
в) Сүрөттүү тест






.jpg)

