Кыргызча   Русский


7. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Жатыш жөндөмө

(Местный падеж)

Суроолору:

кимде? эмнеде?

кайда? качан?

(у кого?

в чем? где? когда?)

8-варианттуу  мүчөлөрү:

-да,-де,-до,-дө

-та,-те,-то,- тө

Жардамчы сөздөр:

бар, жок




 

Мисалы: 

шаарда, музейде, тоодо, көчөдө, сабакта, мектепте, конокто, сүрөттө

Класста Асан жок.

Үйдө агам жана иним бар.

 

а) Заттын жайгашкан ордун көрсөткөн сөздөрдү билип алгыла. 

класста – в классе

шаарда – в городе

музейде – в музее

көчөдө – на улице

тоодо – в горах

сабакта – на уроке

мектепте – в школе

үйдө – дома



б) Сүйлөмдү толуктагыла


1. Мен класс…


2. Сен шаар…


3. Сиз музей…


4. Ал көчө…


5. Биз тоо…


6. Силер сабак…


7. Сиздер мектеп…


8. Алар үй…