а) "Оп, майда" ырын жаттагыла
Майда, майда, мапмайда,
Майдалансын, атты айда.
Кызыл толгон кырманды,
Сузалы биз кап кайда?
Бекер жүрсөң жан багып,
Таба албайсың эч пайда.
Майда, майда оп майда,
Орой-орой оп майда.
Ороо толсун оп майда.
Кырча-кырча басканың,
Кырман толсун оп майда.
б) Ырды обону менен толуктагыла
Майда, майда, мапмайда,
Кызыл толгон кырманды,
Бекер жүрсөң жан багып,
Майда, майда оп майда,
Ороо толсун оп майда.
Кырман толсун оп майда.
Колдонулуучу сөздөр: Кырча-кырча басканың,, Орой-орой оп майда., Таба албайсың эч пайда., Майдалансын, атты айда., Сузалы биз кап кайда?
в) «Котормочу» оюну. Ким биринчи которот?
• благословение –
• благословение посева –
• благословение урожая –
• благословение при сборе урожая –
• пусть будет изобилие – .
• пусть будет достаток –
Колдонулуучу сөздөр: токчулук болсун, эгин бышкандагы бата, үрөн сепкендеги бата, эгин оргондогу бата, кырманга буудай толсун, бата