4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ
Зат атоочтун жөндөмө категориясы
Категория падежа имен существительных
Атооч жөндөмө (Именительный падеж) |
Суроосу: Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? (Кто? Что?) |
Жөндөмөнүн жандоочтор менен колдонулушу: |
менен (с) үчүн (для, из –за) жөнүндө (о, об) боюнча ( по, за) |
Атооч жөндөмөнүн жандоочтору менен сүйлөмдөрдү эсиңерге туткула:
1. Катя Алмаз менен окуйт.
2. Алмаз, сен үчүн сөздүк алдым.
3.”Арпа менен буудай” жомогу жөнүндө айтып бер.
4. Көргөзмөгө 5-класс боюнча 10 окуучу барат.
5. Биз сабакта нан жөнүндө уламыш уктук.
6. Барпы Алыкуловдун суу жөнүндө ырын окудук.
7. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
С дождем расцветает земля, с благословением расцветает народ
8. Чолпонбай Түлөбердиев эли, жери үчүн күрөшкөн.
9. Жер суу менен гүлдөп-өсөт.