6. ОКУП ТҮШҮНҮҮ
а) Сөздөрдү билип, үйрөнүп алгыла
алма – яблоко |
|
алмурут – груша |
|
жүзүм – виноград |
|
шабдалы – персик |
|
кара өрүк – слива |
|
чие – вишня |
|
өрүк – абрикос |
|
кымбат – дорого |
|
кымбатыраак – дороже |
|
өсүмдүк майы – растительное масло |
|
баасын түшүрүңүз – уступите |
|
кумшекер – сахарный песок |
|
калганы – сдачи |
|
эсепте – посчитай |
|
келип туруңуз – приходите еще |
|
арзан – дешево |
|
арзаныраак – дешевле |
б) Жер-жемиштерди базардан сатып алганды үйрөнгүлө
- Саламатсызбы, эже!
- Саламатчылык, кызым.
- Эже алмаңыз, алмурутуңуз канчадан?
- Алма – 50 сомдон, алмурут – 40 сомдон.
- Жүзүмүңүзчү?
- Жүзүмдү 120 сомдон берем.
- Жемиштериңиз эмнеге мынча кымбат?
- Балдар туура айтат. Күз берекеси болуп жатса, жемиштериңиз кымбат го...
- Күзүндө алманын баасы 40 сомдон кем болбойт.
- Алманын баасын түшүрбөйсүзбү?
- Канча сомго түшүрѳйүн?
- Арзаныраак берсеңиз 2 килограмм алма, 1 килограмм алмурут алам.
- Болуптур, анда сага аларды арзаныраак берейин.
- Рахмат, эже.
- Келип тургула.