Кыргызча   Русский


5. СӨЗ ОЮНУ: «КАРШЫ СӨЗ»


Бир сөз айтсам мен сага

Ошол сөздүн каршысын

Дароо таап жаңылбай

Керек ылдам айтышың.

 

Мейли, муну ким тапсын,

Ар бир жообу уйкашсын.

Анда калем сапты алып,

Сөз оюнун баштадык.



Сѳз оюнду баштадык:

жапыз -

кашаң -

баатыр -

уста -

жок -

кенен -

кара -

жуп -

жумшак -

ширин -

шаар -

ысык -

терең -

жакын -

ичке -

дарбыз -

семиз -

ачык -

      Токтосун Самудинов

Колдонулуучу сөздөр: так , бар , тайыз , жабык , коркок , муздак , тар , бийик , катуу , алыс , арык , жоон , чоркок , ак , кыштак , шашма , коон , ачуу