4. ТЕКСТ
а) Текстти окуп, чоң эненин кубанычы жѳнүндѳ аңгемелеп бергиле
Гүл терген бала
Күндѳ ушул жол менен жумушка ѳтѳм. Жолдун боюнда чоң ак там бар. Тамдын артында дѳң бар. Жазында бул дѳңдѳ кызгалдактар кѳп ѳсѳт.
Бир күнү Кушубек кичинекей гүлдестени алып, тез-тез басып үйүн кѳздѳй жѳнѳдү. Чоң энеси небересин тосуп алды. Небереси ага терген гүлүн сунду. Чоң эне берген гүлдү бир жыттады да, небересин бек кучактап ѳптү.
Карыган курагында кичинекей небереси кой-эчкилерин айдап, эрте туруп, айтканын аткарып, эринчээк жалкоо тартпай, эмгекчил болуп чоңоюп келе жатканы кубантып, ага күндѳ күч-кубат, дем берет. Чоң энесин жашартат деген ушу да.
С. Рысбаев
б) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле