8. УГУП ТҮШҮНҮҮ
а) Текстти окуп, чебер комузчу жѳнүндѳ аңгемелеп бергиле
Карамолдо Орозов (1883—1960)
Карамолдо Орозов 1883-жылы Ысык-Кѳлдүн күңгѳй жагындагы Корумду айылында туулган. Карамолдонун ата-энесинин койгон аты – Токтомамбет болгон. Ал диний мектепте окуп билим алгандыктан, айылдаштары Карамолдо деп ылакап ат коюп алышкан. Токтомамбет комуз черткенди атасы Ороздон үйрѳнгѳн.
Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу болуп таанылган.
1928-жылы Москвадан келген атактуу музыка иликтѳѳчү-этнограф А.В.Затаевич Карамолдону Ысык-Кѳлдѳн алдырат. Анын аткаруусунда жыйырмадан ашык классикалык күүлѳрүн нотага түшүргѳн.
Ал ѳзгѳчѳ, Ороз уулунун оор-басырыктуулугуна, ѳтѳ жѳнѳкѳйлүгүнѳ таң калат. Чындыгында, Карамолдо ондогон классикалык күүлѳрдү ѳзү чыгарып, ѳзү чертсе да «күү элдики, биз аткаруучубуз» дечү. Анын элибизге керээз катары таштап кеткен акыркы күүсү – «Дүнүйѳ». Автор бул күүсүн чертүүдѳ байыркы аспаптагы бүткүл ыкмаларды пайдаланган.
б) Тексттеги даталарды эсиңерге туткула
* К.Орозов 1930-жылы кыргыз мамлекеттик музыкалык-драма театрында комузчу жана күү чыгаруучу автор катары да эмгектенген.
* 1936-жылы филармония ачылганда кыргыз эл аспаптар оркестринин комузчу солисти болуп иштеген.
* 1939-жылы элдик музыка боюнча СССР Компазиторлор союзуна мүчѳ болуп кирген.
* Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвада ѳткѳн эки жолку декадасынын катышуучусу болгон.
* 1958-жылы кѳзү ѳткѳнгѳ чейин ѳз кесиби боюнча Муратаалы Күрѳңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын комуз бѳлүмүндѳ сабак берип эмгектенген.
* Карамолдо Орозов «Ардак белгиси», «Эмгек Кызыл Туусу» ордендери менен сыйланган. Анын ысымы Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаардык музыкалык мектепке ыйгарылган.