8. ЖАНЫБАРЛАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КЫЗЫКТАР
а) Жаныбарлар дүйнѳсүндѳгү кызыктарды билип алгыла.
1. Жыландар 3 жыл катары менен тамак жебей уктай алышат.
2. Страустун жумурткасынын салмагы 1,5 кг. түзүп жана аны бышырганга 40 мүнѳттѳй убакыт кетет. Ал эми 1 жумурткадан болсо 11 адамга омлет жасоого болот экен.
3. Крокодилдер тереңирээк сүзүш үчүн таш жутушат.
4. Дүйнѳдѳгү бардык жаныбарлардын ичинен акыранын (жирафтын) жүрѳгү эң чоң жана кан басымы эң жогору. Анын тилинин узундугу 45 см. жетет.
5. Аарылар 1 кг бал чогултуу үчүн 2 000 (эки миң) гүлгѳ конуп чыгышат.
6. Дельфиндер бир кѳзү ачык укташат.
7. Дүйнѳдѳгү 4 тизеси бар жалгыз жаныбар – бул пил.
8. Үлүлдүн 25000 (жыйырма беш миңдей) тиши бар.
б) Сүрѳттѳр боюнча сѳз айкаштарын туура түзүп алардын туура котормосун тапкыла.
![]() |
сон змеи | |
![]() |
яйцо страуса | |
![]() |
камень крокодила | |
![]() |
сердце жирафа | |
![]() |
язык жирафа | |
![]() |
мед осы | |
![]() |
глаза дельфина | |
![]() |
колени слона | |
![]() |
зубы улитки |
Колдонулуучу сөздөр: дын балы , дин кѳзү , тун жумурткасы , дын уйкусу , нын тили , дин ташы , дүн тиши , дин тизеси , нын жүрѳгү


в) Сѳз тизмеги менен сүйлѳм түзгүлѳ
1.
.
Колдонулуучу сөздөр: Страустун , жумурткасынын , салмагы , 1,5 кг


2.
.
Колдонулуучу сөздөр: уктай, жебей, Жыландар, алышат, 3 жыл, тамак, катары менен


3.
Колдонулуучу сөздөр: сүзүш, тереңирээк, үчүн, таш , жутушат, Крокодилдер


4.
.
Колдонулуучу сөздөр: Акыранын, жүрѳгү, чоң, эң


5.
Колдонулуучу сөздөр: 45 см.ге, тилинин, жетет, Акыранын, узундугу


6.
.
Колдонулуучу сөздөр: үчүн, 2 000 гүлгѳ, бал, чогултуу, конушат, 1 кг , Аарылар


7.
.
Колдонулуучу сөздөр: ачык , бир, кѳзү, Дельфиндер, укташат


8.
.
Колдонулуучу сөздөр: тизеси, – пил, бар, 4 , жаныбар, Дүйнѳдѳгү


9.
Колдонулуучу сөздөр: тиши , дей, Үлүлдүн, бар, 25000


в) ОКУП КОЙГУЛА
Аквариумдагы суу
Апасы Асандан сурады:
- Асан, аквариумга жаңы суу куйдуңбу?
Анда Асан мындай дептир:
- Жок, апа, балыктар мурдагы сууну ичип түгѳтѳ элек экен….
Нургазы Ахмедулиндин ырын көркөм окугула.
Силер да көргөн түшүңөр жөнүндө айтып бергиле
Түш
Тѳмѳн жактан карасам.
Үй үстүндѳ баратам,
Мышык итти кубалап,
Жүргѳн экен «ураалап!»
Коён кармап карышкыр,
Тишин жулуп салыптыр.
Топтой тепкен түлкүнү,
Кѳрдүм баатыр кирпини.
Эл кызыкка батыптыр,
Балык ырдап жатыптыр.
Чычкан, короз экѳѳлѳп,
Пилди жүрѳт жетелеп.
Кээде – кээде желдирип,
Пилди жүрѳм мен минип.
Пилден жерге куладым,
Чуулдады кулагым.
Мына кызык керемет!
Кулаганым керебет!
(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга. 1 – китеп. Түз. С.Рысбаев ж.б. Б., 2008. – 123-бет)
Байтемир Асаналиевдин «Айбанаттар паркында» аттуу ырларын көркөм окугула. Каалаган жаныбарларыңар жөнүндөгү ырды жаттап алгыла.
Айбанаттар паркында
Эчен түрдүү айбанат –
Айбанаттар паркында.
Алгач кѳргѳн таң калат,
Айтор, баары бар мында.
Сурары анык кээ бирѳѳ , -
Булар колго кѳнѳбү?
Анда эмесе, келгиле,
Чогуу карап кѳрѳлү!
Арстан
Кыска, коюу жалы бар,
Айбаты бар, жалы бар.
Андан коркот бүт баары –
Ашкан жырткыч жаныбар.
Алат жоосун беттеген,
Азыктанат эт менен.
Амалдуу да адамдар –
Аны үйрѳтѳт эп менен!
Аюу
Күрѳң аюу, ак аюу,
Жана да бар карасы.
Алма ыргытсак, ал аны
Жалмап койду карачы.
Сүйѳт, демек, аюулар
Мѳмѳ – жемиш дегенди.
Жакшы кѳрѳт жаныбар –
Чѳп тамырын жегенди.
Пил
Африка, Индия –
Пил аттуунун мекени.
Белгисиз чыгаар салмагы –
Беш тоннага жетери.
Таң каласың пилдердин
Талыкпаган күчүнѳ.
Колго үйрѳтүп ал бачым,
Кызмат кылат кишиге.
Карышкыр
Тикчийип кош кулагы,
Ѳтѳ жырткыч бу дагы.
Жаңылбастан ит го деп,
Жакшылап кѳңүл буралы!
Кѳгүш түстүү жүнү бар,
Кѳп жырткычтан күлүк ал.
Кароосуз малды бүт кырган –
Карышкыр ушул, билип ал!
Маймыл
Капаста маймыл олтурат,
Качпастан сенден чочулап.
Жакын барсаң жалооруп,
Жаңгак сурап кол сунат.
Орангутан, шимпанзе…
Санаса түрү бир нече.
Так ушундай адамдар,
Тараган имиш бир кезде.
Жираф
Кыргызча аты – Акыра,
Эске түйүп алгыла!
Моюну узун – иче албайт,
Суу койсоңор алдына.
Биздеги уй, кой сыяктуу,
Бул дагы ача туяктуу.
Африка жеринен,
Алган жираф туракты.
Керик
Муну кыргыз Керик дейт,
Биздин жерде кезикпейт.
Түрдүү ѳсүмдүк бутагын,
Жана бүрүн терип жейт.
Жүрѳт булар экиден,
Жасалат тамак этинен.
Кейпи күлкү келерлик –
Чыгарбассың эсиңен.
Зебра
Сыртында, агы, карасы,
Кооз ат экен карачы!
Жүгүрѳт булар ѳтѳ ылдам
Бар сыяктуу канаты.
Куйрук, кѳкүл, жалы бар
Абдан чалпоо жаныбар.
Ала – була бул жылкы,
Алыстан эле таанылар!
Байтемир Асаналиев