Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Таланттуу үй-бүлө

    Белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев жетектеген «Энесай» тобу элдик музыкалык дөөлөттөргө көп кайрылат. Ошону менен бирге дүйнөлүк классикалык музыканы да жакшы аткарышат.

     «Энесай» тобу Москвада, Берлинде, Анталияда концерт коюп келишкен. Бул топтун  репертуарында 1500 ыр бар. Курмангазы Азыкбаевдин эң башкы шакирттери – балдары. Он эки жаштагы Нурсултан комуз, сыбызгы, чопо чоордо ойнойт. Кызы Нурайым скрипкада, улуусу Нургазы көптөгөн аспаптарда кол ойнотот.

  Казакстандын президенти Н.А.Назарбаев Нурсултанга «Ата-Мекен» аттуу ырды мыкты аткаргандыгы үчүн  алтын калемсап тартуулаган. Кенже баласынын ысмын Курмангазы Азыкбаев кошуна өлкөнүн президентинин урматына койгон. Азыр Нурсултан англисче, немисче жакшы сүйлөгөндү үйрөнүп жатат.

 



Өзүӊдү текшер!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

Билим-түгөнбөгөн кенч

        

            Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт. Билимдүү түшүнөт, билимсиз өз ишине күйүнөт. Билимди сатып албайт, казып алат. Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.  Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат. Билим оошот, акыл жугушат. Билим карыбайт, өнөр арыбайт. Билим - элге, суу - жерге. Билим алуу - ийне менен кудук казгандай. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат.