Шабдандын жети жашар кези экен. Жантай бир топ кишилер менен карагайдын көлөкөсүнө, суунун жээгине шырдак салдырып, дасторкон жайдырып коюп, Күрөӊкөйгө комуз черттирип отурган экен. Шабдан атасынын жанына келип:
- Ата, сизден бирдеме сурасам бересизби? – дейт.
- Бере турган нерсе болсо берейин. Айтчы эмне сурайсыӊ?
- Ата, бир семиз кой бериӊизчи.
- Ошол элеби, аны эмне кыласыӊ?
- Досум Зайнидиндин энеси үч күндөн бери ооруп төшөктө жатат. Суук тийиптир. Эт жеп, сорпо ичсе эле айыгып кетет дейт. Зайнидин жетим эмеспи, ыйлап отурат.
Жантай шашкалактап:
- Ал, балам, ала кой, - дегенде Шабдан учуп жөнөйт. Зайнидин жолдошунун үйү абдан алыс экен. Ошого чейин тынбай чуркап барат. Жантай ыраазы болуп: «Буюрса балам боорукер болот тура», - деп сүйүнгөн экен.
Абдрасул Осмонов