Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Ойнойбуз

                      Сөзү, обону Айгүл Жүзөнованыкы

Эрте туруп, күн кечке
Биз ойнойбуз «Ак терек».
- Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек?
- Татынакай Перизат
Чуркап келсин бизге бат…
Биз ойнойбуз жашынмак,
Туш-тараптан издеп тап.

Бак-терекке жип байлап,
Тепкенибиз селкинчек.
Учуп-күйүп, шамалга
Учурабыз батперек.
Батперек, батперек,
Бийик учкун көкөлөп.
Батперек, батперек,
Бийик учкун көкөлөп.

Арабызда Токон бар,
Топтой болгон тоголок.
Эси-дарты тамакта,
Сабак жазбай жоголот.
Токон, Токон, тоголок,
Тойго барып жоголот.

Окуп, жумуш бүтүрүп,
Эч нерседен капар жок.
Ала-шабырт кургаптыр,
Жүр ойнойлу качма топ.
Качма топ, качма топ.
Качма топ, качма топ,
Жазга эшик ачма топ.
Качма топ, качма топ,
Менден алыс качма топ!