Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

ЖАЛБЫЗ

Илгери Улукман дарыгердин Жалбыз деген жалгыз баласы болуптур. Баласы абдан акылдуу, зээндүү, өткүр болуп өсөт. Атасынын кубанычы койнуна батпай, баласына аябай ыраазы болот экен.

Күндөрдүн биринде Улукман дарыгердин баласы ооруп калат. Оорусу күндөн-күнгө күчөйт. Улукман аке билген дарысынын баарын берет, бардык билген чөптөн дары жасап баласын дарылайт. Бирок баланын оорусу айыкпастан кайра күчөйт. Байкуш ата күнү да, түнү да баласын кантип айыктырып, аман алып калсам деп ойлонот. Айласы кетет.

Ар кай жактан дарыгерлерди чакыртат. Баары тең баланы көрүшүп эч бир жардам бере албасын айтышып, кайра жолго түшүшөт.

Күндөр өтө берет. Баланын оорусу күчөп, акыры көз жумат. Атанын кайгысы жүрөгүнө батпай, жалгыз баласын жерге жашырат.

Күндөрдүн биринде Улукман аке чапанын желбегей жамынып, суунун жээгинде отуруптур. Жээктен бир чоочун чөптү көрүп, акырын маки менен чөптү кесип алып, жээкке коюп, үстүнө макисин коюп коёт. Өзү колун жууп, жүзүн чайкап болуп, макисин алайын десе макисинин мизи карарып, чөпкө тийген жери эрип кетиптир. Ошондо Улукман аке:

- «Атаңдын көрү ай, Жалбызым, Жалбызым, ушул чөптү билгенде, аман калмак экенсиң ай, жалгызым, жалгызым» деп буркурап ыйлаган экен.

Ошондон бери ошол чөптүн атын «Жалбыз» деп атап калышыптыр.

Жалбыздан көп сандаган дарылар жасалып, көп ооруларга дары болуп, ооруган адамдарга пайдасы тийип келе жатат.

ТАБЫШМАКТАР

Казан толо чий борсок,

Ортосунда чоӊ борсок.

 

Кызыл кудук, кызыл кудук,

Турбаса суудан жутуп,

Соолуп калат, кандай шумдук? (ТАҢДАЙ)

 

«Тий-тий» десем тийбейт,

«Тийбе-тийбе» десем тиет.

 

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Таза жүргөндүн дени сак,

Дени сактын өмүрү узун.

 

Соо болом десеӊ – сергек бол.

 

Кирсиз жүрсөӊ – оорусуз болосуӊ.