Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Мээрим деген эмне?

«Ак шоола»  балдар хору

МЭЭРИМ

Сөзү, обону Гүлмира Эсенгулованыкы.

 

Мээрим, мээрим, мээрим,

Мээрим деген эмне?

Мээрим – мээримдүү күн

Мээрим төккөн жериме.

 

Жакшы көрөм күндө эртеден

Күндүн жайнап күлгөнүн,

Мээрим төгүп бакчамдагы

Гүлдөрүмдү өпкөнүн.

 

Мээрим, мээрим, мээрим,

Мээрим деген эмне?

Мээрим – мээримдүү күн

Мээрим төккөн жериме.

 

Жакшы көрөм күндө эртеден

Энем жайнап күлгөнүн,

«Турагой» деп эркелетип,

Көздөрүмдөн өпкөнүн…