Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

-дан мүчөсү.

-дан мүчөсү уланган сөз нерсенин, кыймыл-аракеттин кимден, эмнеден, кайдан чыккандыгын билдирет.

-дан  мүчөсү бир нече вариантта өзгөрүп айтылат.

 

Мүчөсү Кимден? Эмнеден? Кайдан?
-дан балчыдан ак куудан Африкадан
-ден мугалимден    
-дон   кыргоолдон  
-дөн     Ысык-Көлдөн
-тан   тоӊкулдактан  
-тен артисттен    
-тон   тооктон  
-төн     Түптөн

 

Өзүӊдү текшер!

Таблицага бул сөздөргө –дан мүчөсүн туура улап жайгаштыр.

(дүкөнчү, учкуч,композитор,Болот, Үмүт,

бактек, бөдөнө,бүркүт,чабалекей,  тоок,

Бишкек, жайлоо,  кыштак, Ош, Кара деӊиз)