Балалыктын сүйүнүчүн өмүр бою унутпайсың. Менин артыкча сүйүнүчүм адеп кунан чапканым.
Жайлоого чыкканда кунанды таятабыз бапестеп таптады. Айт күнү суунун аркы-берки өйүзүндөгү айылдар оюн-тамаша курушту. Он чакты кунан, тай чабылмак болду. Күлүктөрдүн көкүлүн шүйүп, куйругун түйдүк. Башыбызга жоолук байлашты. Алеп-желеп болуп, жүрөк түрсүлдөп, сүрдөгөндү айтпа. Ат айдоочу күлүктөрдү белге чейин сүрүп барып, анан коё берди. Шатырап учкан көгүчкөндөрдөй артка кайрылып, чаап жөнөдүк. Жел менен жарышып, зымырап баратабыз.
Ат чабышта таятамдын тилин албай, кунанды жиниктирип алдым. Адегенде эле аттын оозун коё бергенмин. Ошентип, мен байгеге илинбей калдым. Бирок менин өмүрүмдө бул ат чабыш шаңдуу майрам болду.