Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Ысык - Көлгө суктануу   

            

Ден соолук

Жаш кезиӊден жаркылдап,

Жакшы болсо ден соолук,

Кор болбойсуӊ, өскөндө:

Бирде жатып, бирде ооруп.

 

Бала кезден жаркылдап

Бекем болсо ден соолук.

Кем болбойсуӊ өскөндө:

Кээде жатып, кээде ооруп.

 

Окуп билим аларда,

Теӊтушуӊа теӊ болуп,

Керек экен ошондо,

Темирдей бекем ден соолук.      (Алыкул Осмонов)