Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Атооч жөндөмөсү.

 

   Кыргыз тилинде 6 жөндөмө бар. Жөндөмөлөр сүйлөм ичиндеги сөздөрдү туура байланыштырууга жардам берет.

 

 

Жөндөмөлөр Суроолору Мүчөсү
Атооч

Ким?

Эмне? Кимдер? Эмнелер?

Мүчөсү жок.

Илик

Кимдин? 

Эмненин?

Кимдердин?

Эмнелердин?

-нын
Барыш

Кимге?

Эмнеге?

Кимдерге?

Эмнелерге?

-га
Табыш

Кимди?

Эмнени?

Кимдерди?

Эмнелерди?

-ны
Жатыш

Кимде?

Эмнеде?

Кимдерде?

Эмнелерде?

-да
Чыгыш

Кимден?

Эмнеден?

Кимдерден?

Эмнелерден?

-дан

   Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөргө мүчө уланбайт, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берет.



Өзүӊдү текшер!

Атооч - .

Илик - .

Барыш - .

Табыш - .

Жатыш - .

Чыгыш - .

Колдонулуучу сөздөр: апага, апанын, апа, апаны, ападан, апада