Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

«Бишкегим»

                   Сөзү: К.Урманбетовдуку,

              Обону: С.Жумалиевдики.



Ала-Тоого кыргыз коңгондо,
Айланып сен жылдыз борборго.
Ак жолтойлуу үйгө айландың,
Арга барбы сүйбөй койгонго?!

Кайырма:
Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.

Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.

Кайырма:

Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.



Тагдыр күтүп достук шаарындай,
Жагыласың өмүр шамындай.
Жүрөгүмдүн оту барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай.

Кайырма:

Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.



Баатыр эне окшоп элесиң,
Баарыбызга мээрим бересиң.
«Эң кымбатың эмне?» дегенде,
Эң биринчи эске келесиң.

Кайырма:

Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.