Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Чыр бала. «Ак шоола»  балдар  хору

Чыр бала

                   Обону, сөзү Г.Эсенгулованыкы

Балдар:

- Кана, балдар, тур санакка,

Эмки оюн жашынмак.

Ким санактан чыкпай калса,

Ошол көзүн бек жумат,

Ошол көзүн бек жумат!

 

- Ойнобойм, ойнобойм!

Силер менен таакыр ойнобойм,

Күлүк атты мага бербей койдуӊ,

Ошондуктан силер менен ойнобойм!

 

2-кыз:

Мейли. анда сен жашынгын,

Чырлаганды койсоӊчу.

Жүргүн эми балдар менен

Биз кошулуп ойнойлу.