Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Оп, майда!    

Карагат

                           Обону А.Ураимовдуку
                         Сөзү Б.Долоновдуку

Кара мончок карагат,
Кандай болуп жаралат?
Жегиӊди эле келтирет,
Жеген сайын аралап.
Карагат, карагат,
Кара мончок карагат.

Тоого балдар барышат,
Тойгончо жеп алышат.
Кечте тарап келишип,
Томолонуп калышат.
Карагат, карагат,
Кара мончок карагат.