Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 5 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

ТҮЛКҮ МЕНЕН КАРЫШКЫР

Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин салаңдатып келе жаткан.

Жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти.

Анын капканын көрдү да, эмне кыларын билбей туруп калды. Аңгыча карышкыр келип калды.
 

—Каке, келиңиз. Муну сизге сактап койдум эле,— деди.
 

—Астында капкан болбосун,— деп шектенди.
 

—Жебесеңиз өзүм эле алып кетейин, деп ага тап бергенде карышкыр озунуп барып сугунмак болду.
 

Карышкырдын тумшугу капканга чабылып, куйрук четке ыргып кетти.

Түлкү аны илип алып, жолго түштү.
                                             

Өзүңдү текшер!

ТҮЛКҮ МЕНЕН КАРЫШКЫР

    Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин салаңдатып келе жаткан. Жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Анын капканын көрдү да, эмне кыларын билбей туруп калды. Аңгыча карышкыр келип калды.
—Каке, келиңиз. Муну сизге сактап койдум эле,— деди.
—Астында капкан болбосун,— деп шектенди.
—Жебесеңиз өзүм эле алып кетейин, деп ага тап бергенде карышкыр озунуп барып сугунмак болду.
Карышкырдын тумшугу капканга чабылып, куйрук четке ыргып кетти. Түлкү аны илип алып, жолго түштү.