Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

ЧАТЫР - КӨЛ

             Ак-Сай жайлоосунда Чатыр-Көл деген эң сулуу көл бар. Чатыр-Көл жер үстүндө жок эң кооз жана тунук көл. Анын суусу да ичимдүү, даамы да жакшы. Тоого чыгып карасаң тиккен чатырдай болуп көрүнгөндүктөн Чатыр-Көл аталса керек. Дүйнө жүзүндө канча түрдүү куш болсо, ошонун баары жайында ушул көлгө конот. Ошол көл жөнүндө мындай уламыш бар.

   Илгери бир жолоочу Кытайга бара жатып ушул көлгө туш болот. Кыш мезгили болгондуктан көлдүн үстү тоңуп калыптыр. Ал киши жолду кыскартуу ниети менен эшекчен муздун үстү менен өтүп кете берет. Аңгыча орто жерине барып калганда, муз жарылып, эшеги көлгө түшүп кетет. Жолоочу өзү эптеп аман калат.

Арадан эки-үч жыл өтүп, баягы киши Ысык-Көлгө келет. Көлдү бойлоп баратса, бир аксакал карыя көлдүн жээгинен эшектин чомун таап алып, аны карап отурган болот. Жанагы өтүп бара жаткан жолоочу өзүнүн эшегинин чомун тааный коюп:

- Аксакал, алдагы менин эшегимдин чому экен. Мен муну мурдагы жылы Чатыр-Көлдөн жоготком. Эшегим кышында сууга түшүп кетти эле. Муну кайдан алдыңыз? - деп сурайт.

- Сен жинди болгон немесиң го. Чатыр-Көлдө жоготкон чомуң бул Ысык-Көлгө келип калгыдай канаты бар беле? - деп чунаңдап уруша кетет.

- Ишенбесеңиз, оң жаккы тигишин сөгүп көрүңүз. Эки жамбы алтын чыкса меники, - дейт жолоочу киши.

Аксакал карыя менен жолоочу эшектин чомунун оң жак­кы тигишин сөгүп көрүшсө, чын эле эки жамбы алтын чыгат.

Жолоочунун сөзүнө ишенген аксакал кандайча болгонун сурайт. Жолоочу кантип Чатыр-Көлгө барганын, эшеги чөгүп кеткенин айтып берет. Жакаларын карманган экөө:

- Ой, тобоо, Чатыр-Көл менен Ысык-Көлдүн байланышы бар турбайбы. Ортосунда кошулуп турган агымы аркылуу эшектин чому Ысык-Көлдөн чыккан тура, - дешип таң калышат.

Мунун канчалык чындыгы бар экенин ким билет, бирок бул уламышка карап, чын эле экөөнүн ортосунда байланышы бардыр деген ойго келесиң.

ТАБЫШМАКТАР

Өзү ток, көлөкөсү жок.

 

Узун сайда уй мөөрөйт,

Кыска сайда кыз ыйлайт.

 

Талаага таруу чачтым,

Талпылдап үйгө  качтым.

 

Тоодон топ түштү, буту-колу жок түштү.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Эр элдин көркү, токой жердин көркү.