Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 5 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

БАЙЛЫКТАРЫБЫЗ

Кыргызстандын жери тоолуу келет.

Анда мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн.

Тоодо кой, уй, жылкы, топоздор өстүрүлөт.

Ал эми өрөөндүү райондордо дан эгини, кызылча, пахта, тамеки, жашылча жана дары-дармек өсүмдүктөрү айдалат.

Чүй өрөөнүндө дан эгиндеринен, кызылча, беде, жашылча өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алышат.

Ош областында пахта, тамеки өсүмдүктөрү көп айдалат.

Кыргызстанда кен байлыктары да көп.

Өзгөчө таш көмүр, нефть, алтын, жез, сымап кендерине бай.

Өзүңдү текшер!

БАЙЛЫКТАРЫБЫЗ

    Кыргызстандын жери тоолуу келет. Анда мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Тоодо кой, уй, жылкы, топоздор өстүрүлөт. Ал эми өрөөндүү райондордо дан эгини, кызылча, пахта, тамеки, жашылча жана дары-дармек өсүмдүктөрү айдалат. Чүй өрөөнүндө дан эгиндеринен, кызылча, беде, жашылча өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алышат. Ош областында пахта, тамеки өсүмдүктөрү көп айдалат. Кыргызстанда кен байлыктары да көп. Өзгөчө таш көмүр, нефть, алтын, жез, сымап кендерине бай.