Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Максым

 
    Максым - ачытылган жарма суусуну. Максымдын бышырылышы жарманыкындай. Кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максым деп бөлүнөт. Арпа максымдын башка максымдан айырмасы: тунбайт, ичкиликтүү, даамдуу келет.
    Май кошулуп кайнап жаткан ысык сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой талкан чалынат, 25- 30 минута кичине отто жай кайнатып, отту өчүрүп, бир аз муздагыча коёт. Жылуурак кезинде ачыткы куюп, ун чалат. Бөлмө температурасында 8-10 саатта ачыйт. Мезгил-мезгили менен чалып туруу керек.
    Сүт, айран, сүзмө кошулган максым көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын көрөңгөсүн (ачыткысын) калтырып туруу керек. Көрөңгө деген жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азыноолак калтырылган ачкыл.

 



Туура которгула!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

БУЛАК

    Суу жерден булак түрүндө чыгат. Жаандын суусу жерге сиңет. Суу өткөрбөй турган катмарга жеткенде, суу жыйнала берет. Жер астында өзөндөр жана көлдөр пайда бо­лот. Ал жыйналган суу агып жүрөт. Бир жерден тешик таап сыртка чыгат. Суунун кичинекей тешиктен агып сыртка чыгып турган жерин булак дейбиз. Булактын суусу туптунук жана муздак болот.