Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Таш-Рабат

     Ат-Башы өрөөнүндө жайгашкан байыркы кербен сарай. Ал Улуу Жибек жолунун боюнда курулган. Өз убагында эл аралык мааниге ээ болгон. Таш-Рабат жалаң табигый таштардан кынапталган. Сарайдын ичи отуз бир бөлмөдөн турат. Анда эс алуучу, тамактануучу, унааларды байлай турган жана кеңеш куруучу чоң бөлмөсү бар.

      Таш-Рабаттын качан курулгандыгы жөнүндө так маалыматтар жок. Айрым изилдөөчүлөр аны 15-кылымда курулган деп эсептешет.

    Рабат – кыргыз тилине которгондо: ажайып, кооз деген мааниде. Демек, таштан салынган кооз жай дегенди түшүндүрөт.

 



Өзүӊдү текшер!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

ӨЗӨН

    Өзөн бир нече булактын сууларынын кошулганынан пайда болот. Кайсы бир өзөндөр терең жарлардын ичи менен агат. Мындай өзөндөрдүн түбү тегиз жана бардык жерлеринин тереңдиги бирдей болот. Анын суусун байлап, тегирмендерди орнотушат. Бир нече өзөндөрдүн кошулуп акканынан тереӊ дарыялар пайда болот. Дарыя суулары деңизге куят.