Бишкек шаары – Кыргызстандын борбору. Ал 1878-жылы негизделген. Борбор шаар Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй өрөөнүндө, Ала-Тоонун этегинде, Аламүдүн жана Ала-Арча суулары пайда кылган жантайыӊкы түздүктө жайгашкан. Аянты 12,7 миӊ гектарды түзөт. Алты миллиондон ашык калкы бар.
Бишкек шаары мурда Пишпек жана Фрунзе деп аталчу. Азыр Бишкек шаары Кыргызстандын экономикалык, өнөр жай, маданий борбору болуп саналат. Бишкек шаарында төрт район бар. Алар Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору.
Шаардын герби 1908-жылы 19-мартта бекитилген. Ал кезде бүткүл Кыргызстан Орус империясынын курамында болчу, Пишпек шаары Жети-Суу областында эле.
Фрунзе шаарынын герби 1978-жылы шаардык Эл кеңешинин депутаттары бекитишкен. Г. Мулявин жана А. Согонов тарткан сүрөт шаардын 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта жеңип чыккан. Ал гербдин өңү ак, кызыл, жашыл, коло түстө болгон. 1978-жылдан 1991-жылга чейин ал герб эч өзгөрүүсүз турган. Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылы гербдин ылдый жагындагы «Фрунзе» деген жазууну "Бишкек" деген жазууга алмаштырышкан.
Бишкектин жаңы гербин 1994-жылы М. Асаналиев менен С. Иптаровдор иштеп чыгышкан.