Кыргызча   Русский



УЛАМЫШ

Жети-Өгүз

 

 

Илгери-илгери бир жесир аял болгон экен. Анын Асан, Үсөн деген уулдары бар экен. Ошол аял жашаган айылда сансыз малы бар, бирок өзү абдан ач көз, сараң бай болуптур. Жакырлыктын айынан байкуш аял эгиз балдарын ошол байга жалчыга берет. Асан менен Үсөн байдын торпокторун кайтарып, эптеп жан багышат.

Бир күнү алар торпокторду кайтарып жүрүшсө, күн бузулуп, туман түшөт. Борошолоп кар жаап, мал көрүнбөйт. Эптеп торпокторду айдап, кечке маал келишсе, жети торпогунун саны чыкпайт. Ары карап, бери карап, эртеси күнү кечке издешсе да жети торпоктун дайны жок.

Ач көз бай жини келип, Асан менен Үсөнгө:

- Торпокторду тапмайынча келбегиле! - деп буюрат.

Эки бала апасы менен коштошуп, торпокторду издегени кетишет. Күндөр өтөт, айлар өтөт, торпок эмес эки бала да дайынсыз жоголот.

Эне болсо кайгыга чөгүп, чачы куудай болуп агарат. Айласы кеткенде, күтүүдөн тажап, балдарын өзү издеп жөнөйт. Жер ке­зип, издебеген жери калбай балдарын чакырат.

Бир күнү дагы тоо-ташты аралап келе жатса, алдынан тоодой болгон жети өгүз чыгат. Эне баягы жоголгон жети тор­пок экенин таанып, мөгдөп ыйлайт. Торпоктор ээн талаада күрүп, семирип, жапайы болуп кетишкен экен.

Ошондо эне:

- Каргыш тийген өгүздөр! Силер үчүн эки уулумдан айрылдым! Жетөөң тең ташка айлангыла!!! - деп каргайт.

Ошол замат өгүздөр жети кызыл тоодой болгон ташка айланыптыр.

Азыр да ушул тоолордун арасынан «Асан!», «Үсөн!» деп бирин-бири издеп чакырган балдардын үнү угулат дешет.

ТАБЫШМАКТАР

Аппак суусун кандырат,
Ачкыл, бетиӊ албырат.

 

Кызартып салып,
Бозортуп сууруп алды.

 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Жалгыз таруу ботко болбойт.

Из одной крупинки  каши не получится.

 

Жамандан жарты кашык аш калат.

Ешь всё до конца.

 

Мышык этке жетпей, сасык дейт.

Кошка, не добравшись до мяса, говорит, что оно тухлое.