Кыргызча   Русский



ЖОМОК

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН БАЯНЫ

Кайсы бир мурунку мезгилде Жээренче чечен аттуу адам жашаган. Ал өз мезгилиндеги акылдуу, сөзгө чечен, көрөгөч адам экен. Анын Төлөмырза деген кем акыл уулу болгон. Ал жалганчы, жалкоо болуптур.

Бир күнү Жээренче чечен бир жактан келсе, уулу элдин ортосуна туруп алып мактанып жатыптыр:

-Мен элик аттым эле, менин огум бутунун учу менен кулагынын учуна тийди, - деп.

Аны угуп Жээренче:

-Ээ, уулум, сен элик буту менен кулагын кашылаганда аткан экенсиң да, - деп анын сөзүн тууралаптыр. Баласынын акылсыздыгын көрүп Жээренче чечен уулуна акылдуу колукту издөөнү эп көрөт.

Жээренче чечен баласын ээрчитип жолдо келе жатып:

-Ат жалына казан ас, - деди. Төлөмырза түшө калып, аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен:

-Ээ, балам, ат жалына казан ас, - деген  тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз болот, - деди.

Дагы бир топ узагандан кийин:

-Балам, узун жолду кыскарт, - деди. Төлөмырза түшө ка­лып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен:

      - Жолду кетмен менен кыскарта албайсың, балам, «узун жолду кыскарт» деген өткөн кеткенден кеп сал деген болот. Кеп адамга эрмек болот, жолдун кандай өткөнү билинбей калат. Узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз кыскартат, -деди.

ТАБЫШМАКТАР

Ала-Тоонун бооруна,

Ат ойноткон ким экен?

 

Алтын казык кактырып,

Бек байлаткан ким экен? 

МАКАЛ-ЛАКАПТАР

Өнөр алды – кызыл тил.

Высшее искусство – красноречие.

 

Өнөрүӊ болсо өргө чап.

Если у тебя умение, действуй.

 

Сая албаган ийне тандайт.

Та которая вышивать не может, иголку выбирает.